Сирияда ЙПГ/ПКК террористтери менен ДЕАШ террористтеринин ортосунда кагылышуу болуп жатат

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда АКШ колдоо көрсөткөн жикчил террор уюму ЙПГ/ПККга мүчө террористтер менен террордук уюм ДЕАШтын ортосундагы кагылышуу абак жайгашкан Гувейран районунда болуп жатат.

1766887
Сирияда ЙПГ/ПКК террористтери менен ДЕАШ террористтеринин ортосунда кагылышуу болуп жатат

Сириянын түндүк-чыгышындагы Хасеке облусунда абактан качкан террордук уюм ДЕАШ мүчөлөрү менен жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККга мүчө террористтердин ортосунда 3 күндөн бери кагылышуу уланууда.

ДЕАШ террордук уюмуна байланышы бар деп эсептелген куралдуу топтун 20-январда жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК басып алган Хасекеге кол салуусунан кийин террордук уюм ДЕАШтын ондогон мүчөсүнүн Өнөр жай абагынан качышынын натыйжасында чыккан кагылышуулар уланууда.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда АКШ колдоо көрсөткөн жикчил террор уюму ЙПГ/ПККга мүчө террористтер менен террордук уюм ДЕАШтын ортосундагы кагылышуу абак жайгашкан Гувейран районунда болуп жатат.

Кагылышуу төртүнчү күнүнө киргенде, түн бир оокумда АКШ баштаган коалиция күчтөрүнө таандык согуштук учак террордук уюм ДЕАШ тарабынан колго түшүрүлгөн Гуверян силосуна жана Фырат университетинин Экономика жана техникалык институтунун имараттарына абадан сокку урду.

Коалиция учактары да Хасеке асманында «террордук кыймылдарды бизге кабарлагыла» деген баракчаларды таратса, ЙПГ/ПКК террористтери болсо Өнөр жай түрмөсүн басып алган ДЕАШ мүчөлөрүнүн багынып беришин үн күчөткүчтөр менен анонс кылышты.

Бир тараптан кечээ АКШ күчтөрүнө таандык 3 жүк ташуучу учак, медицина кызматкерлери жана аскерлери менен Хасекенин түндүк-чыгышындагы Румейлан аскердик аэропортуна конду.

ДЕАШ менен байланышы бар деп эсептелген куралдуу топ 20-январда Хасеканын түштүгүндө бир гана ДЕАШ террористтери кармалган Өнөр жай абагына бомба жүктөлгөн унаа менен кол салган.

ЙПГ/ПКК террористтери сыяктуу көрүнгөн куралдуу топ абак дубалын бузуп кирип, ондогон ДЕАШтын мүчөсү качып чыккан.

ЙПГ/ПКК козголоңду басуу жана кол салуунун мизин майтаруу үчүн абактын айланасына колдоо жөнөткөн.

Уланып жаткан кагылышууда кеминде 12 ЙПГ/ПКК террористинин каза болгондугу, АКШ күчтөрүнүн аймакка ондогон аскер жана 7 танк жибергени белгиленди.

ЙПГ/ПКК тарабынан лицейден абакка айландырылган Өнөр жай түрмөсүндө 54 өлкөдөн миңдеген ДЕАШ мүчөсү бар.

Бул жерде ДЕАШ террористтери абак шарттарынын ыңгайсыздыгынан улам тез-тез баш көтөрүшөт.

Бир тараптан кагылышуу болгон аймактан жүздөгөн жарандар үйлөрүн таштап кетишти.



Тектеш кабарлар