Немис командири Орусия тууралуу айткан сөздөрү үчүн кызматтан кетти

Германиянын маалымат агенттигинин (DPA) берген маалыматына караганда, Коргоо министрлиги Шёнбахтын кызматтан кеткендигин Бундестагдын коргоо комитетинин мүчөлөрүнө билдирген.

1766901
Немис командири Орусия тууралуу айткан сөздөрү үчүн кызматтан кетти

Германияда Аскер-деңиз күчтөрүнүн колбашчысы, вице-адмирал Кей-Ахим Шёнбах «Орусиянын президенти Владимир Путинге түшүнүү менен мамиле кылуу зарыл» деген сөзүнөн улам кызматынан кетти.

Германиянын маалымат агенттигинин (DPA) берген маалыматына караганда, Коргоо министрлиги Шёнбахтын кызматтан кеткендигин Бундестагдын коргоо комитетинин мүчөлөрүнө билдирген.

Шёнбах Индиядагы жолугушуусунда Орусия жана Орусиянын президенти Владимир Путин тууралуу билдирүүлөрдү жасап, аны түшүнүү керектигин айткан.

Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалга байланыштуу Шёнбах: «Крым жарым аралы колдон кетти, кайра келбейт»,-деп айтып, Орусиянын Украинанын жерлерин басып алуу ниетин «нонсенстик» деп мүнөздөдү.

Орусия Кытайга каршы керек экенин билдирген Шёнбах: «Путин атеист болсо да, бул эч кандай мааниге ээ эмес. Бул улуу өлкө демократиялуу болбосо да, анын эки тараптуу өнөктөш катары биз менен болушу Орусияны Кытайдан алыстата алат»,-деп айтты.

Германиянын Коргоо министрлиги да Шёнбахтын билдирүүлөрү мазмуну жана сөз тандоосу боюнча Федералдык Коргоо министрлигинин позициясына эч кандай ылайык келбей турганын билдирди.

Шёнбахтын сөзүнөн улам Германиянын Киевдеги элчиси Анка Фельдхусендин да Украинанын Тышкы иштер министрлигине чакырылганы кабарланды.



Тектеш кабарлар