НАТО Болгария жана Румыниядан чегинүү талабын четке какты

НАТО Болгария жана Румыниядагы создаштык аскерлеринин чыгарылышы менен базалардын жабылышын каалаган Россиянын талабын четке какты.

1766637
НАТО Болгария жана Румыниядан чегинүү талабын четке какты

НАТО Болгария жана Румыниядагы создаштык аскерлеринин чыгарылышы менен базалардын жабылышын каалаган Россиянын талабын четке какты.

НАТОнун басма сөз катчысы Оана Лунгеску Россиянын Тышкы иштер министрлиги күн тартибине киргизген талапка байланыштуу маалымат берди.

Лунгеску : «НАТО союздаштыктын чыгыш бөлүгүндө аскерлердин болушу, союздаштардын бири бирин коргоо жана коргоо мүмкүнчүлүгүнөн баш тартпайт»,- деди.

Россиянын талаптарынын биринчи жана экинчи класстагы НАТО мүчөлөрүн жаратарын белгилеген Лунгеску муну кабыл албай тургандарын билдирди.

Лунгеску : «Европада кандайдыр бир таасир чөйрөсүн жаратуу пикирин четке кагабыз. Коопсуздук чөйрөбүздүн бузулушуна, жамааттык коргонуубузду бекемдөө жолу менен ар дайым жооп беребиз. НАТО сергек жана союздаштыгыбыздын чыгыш бөлүгүн чыңдоо зарылчылыгына баа берүүнү улантууда»,- деди.

Россиянын тышкы иштер министрлигинин интернет сайтында НАТОнун 1997 -  жылдан мурунку абалга кайтуусуна карата Россиянын талабынын Болгария жана Румыния үчүн кандай мааниге келет деген суроого жооп берилген. Бул жоопто 1997 – жылы НАТОго мүчө болбогон өлкөлөрдөгү тартипке кайтуу үчүн Россиянын «чет элдик күчтөрдүн,  каражаттар менен куралдардын» чыгарылышын жана башка кадамдардын ташталышын каалагандыгы белгиленип : «Буга Болгария менен Румыния да кирет»,- деп айтылды.  

Болгария менен Румыниянын НАТОго кирүү процесстери 1997 - жылы башталып, эки өлкө 2004 - жылы НАТОго мүчө болушкан.

 



Тектеш кабарлар