Мексиканын мамлекет башчысы жүрөк катетеризациясынан өттү

Бир жыл ичинде эки жолу коронавирус жуктурган 68 жаштагы Обрадор 2013 - жылы инфаркт болгон.

1766671
Мексиканын мамлекет башчысы жүрөк катетеризациясынан өттү

Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор аскердик госпиталда жүрөк катетеризациясынан өттү.

Ички иштер министри Адан Аугусто Лопес Эрнандес билдирүү жасап, дарыгерлердин  пландуу текшерүү учурундп  операция жасоо зарыл деп чечкенин айтты.

Обрадордун жүрөгү менен артерияларынын жакшы экендигин белгилеген Эрнандес Обрадордун бүгүнкү күндөн баштап кадимки иш - аракеттерин уланта турганын белгиледи.

Бир жыл ичинде эки жолу коронавирус жуктурган 68 жаштагы Обрадор 2013 - жылы инфаркт болгон.



Тектеш кабарлар