Японияда жер титирөө болду

Жер титирөөдө 9 киши жаракат алды.

1766600
Японияда жер титирөө болду

Япониянын түштүк  - батыш аймагында болгон 6,6 баллдык жер титирөөдө 9 киши жаракат алды.

Япониянын метеорологиялык агенттигинин маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:08де Кюсю аймагына жакын Хюга - нада деңизинде 45 чакырым тереңдикте күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Оита, Миязаки, Кочи жана Кумамото штаттарында катуу сезилген жер титирөөдө Оитада 5, Миязакиде 4 киши жараланды.

Магнитудасы алгач 6,4 деп жарыяланып, андан соң 6,6га жаңыртылган жер титирөө үчүн цунами коркунучу тууралуу эскертүү берилген жок. Кээ бир шаарларда электр жана суу үзгүлтүккө учурады.

Кюсю электр энергиясы (Кюден) компаниясы тарабынан иштетилген  атомдук электр станцияларында эч кандай аномалиянын байкалбагандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар