Журналисттер Макрон менен Европа Парламентинин спикерине каршылык көрсөтүштү

Эммануэль Макрон менен Европа Парламентинин жаңы спикери Роберта Мецола биргелешкен пресс – конференцияда суроолорду аблагандыктан журналисттер залдан чыгуу менен каршылык көрсөтүштү.

1765612
Журналисттер Макрон менен Европа Парламентинин спикерине каршылык көрсөтүштү

Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Европа Парламентинин жаңы спикери Роберта Мецола биргелешкен пресс – конференцияда суроолорду аблагандыктан журналисттер залдан чыгуу менен каршылык көрсөтүштү.

Макрон Страсбургда чогулган Европа Парламентинин Башкы ассамблеясынын отурумунда өлкөсүнүн Европа Биримдигинин кезектешкен башкаруучулук программасын сунуш кылгандан кийин Европа Парламентинин жаңы шайланган спикери Мецола менен камералар алдына чыкты.

Журналисттерге  бир нече күн мурун лидерлердин пресса билдирүү менен эле чектелбестен, маалымат жыйынын өткөрүшөрү кабарланган. Бирок Европа Парламентинде  көптөгөн саатка созулган отурумдан кийин Макрон менен Мецола пресс  - жыйын өткөрө турган залга барган журналисттерге суроо алынбай тургандыгы билдирилди. Ушул  боюнча көптөгөн журналист залдан чыгып кетишти.

Мецола тааныштырылгандан  кийин Макрон Европа Парламентинин  жаңы спикерин куттуктады жана Башкы ассамблеянын сессиясында 4 мүнөттүк баяндамасын жасап, залдан чыгып кетти.

Макрон чыгып баратып журналисттердин эмне себептен суроо албагандыгына байланыштуу суроолоруна, декабрь айында борбор шаар Парижде чоң пресс  - жыйын өткөргөндүгүн, парламенттеги айткан сөздөрү боюнча комментарий берүүнүн зарылчылыгы жок экендигин айтты. Андан кийин да журналисттер твиттер аркылуу бул абал боюнча каршы чыгууларын билдиришти.

 

 

 



Тектеш кабарлар