Түндүк Корея ядролук ракета сыноолорун улантат

Бул тууралуу Түндүк Кореянын Борбордук кабар агенттиги билдирди.

1765658
Түндүк Корея ядролук ракета сыноолорун улантат

Түндүк Корея АКШнын мурунку президенти Дональд Трамптын администрациясы менен дипломатия учурунда токтоткон ядролук ракета сыноолорун уланта турганын жарыялады.

Түндүк Кореянын Борбордук кабар агенттиги (KCNA) лидер Ким Чен Ындын бийликтеги Корей жумушчу партиясынын саясий бюросунун жыйынына төрагалык кылганын, жыйында өкүлдөрдүн АКШнын “душмандык аракеттерине” каршы турууга карата Түндүктүн аскердик мүмкүнчүлүктөрүн “күчтөндүрүү” үчүн саясий максаттарды белгилегендерин билдирди.

АКШнын кастык мамилесинин мындан ары көз жаздымда калтырыла албай тургандай деңгээлге жеткени айтылган кабарда, Түндүк Кореянын токтоткон алыс аралыкка учуучу ракеталарынын сыноолорун кайра баштоону карап жатканы белгиленди.

Түндүк Корея 5чи жана 12-январда "гиперүндүү ракетасын ийгиликтүү сынаганын" жарыялаган.

АКШнын жетекчилиги 12-январда кабарлагандай, Түндүк Кореянын курал-жарак жана ракеталык программасын жабдыктар менен камсыз кылган түндүк кореялык алты, бир орусиялык жана Орусияда жайгашкан компанияга санкция киргизген.

Түндүк Корея АКШнын чечимине каршылык көрсөтүп, санкция чечимдеринен кийин поезддин үстүнөн баллистикалык ракета сыноосун өткөргөнүн билдирген. 

Түндүк Корея 17-январда өткөргөн сыноолорду "тактикалык башкарылуучу ракеталар" деп кабарлаган. 



Тектеш кабарлар