Испанияда карылар үйүндө өрт чыкты
Өрттөн 5 кишинин каза болгондугу, 11 кишинин жаракат алгандыгы билдирилди.
Испаниянын чыгышындагы Валенсия шаарынын Монкада районундагы карылар үйүндө өрт чыгып, 5 кишинин каза болгону, 11 кишинин жаралангадыгы алардын ичинен өчүүсүнүн абалынын оор экендиги билдирилди.
Валенсия автономиялуу башкаруусунун жетекчилери берген маалыматта электр контагынан чыккандыгы болжолдолгон өрттөн улам 60ка жакын киши жашаган карыялар үйүнүн бошотулгандыгы маалымдалды.
Кыса убакытта имараттын ичин түтүн каптап, өрт өчүрүү топтору барганга чейин 5 киши каза болуп, 11 киши ооруканага жаткырылды.
Ооруканада дарыланып жаткандардан үчөөсүнүн абалынын оор экендиги билдирилди. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 23: 20да чыккан жана 01: 20да көзөмөлгө алынгандыгы билдирилген өрт тууралуу тергөө иши башталды.
Тектеш кабарлар
Кытайда болгон сел жана жер көчкүдө 4 адам каза болуп, 10 адам дайынсыз жоголду
Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү болуп, 4 адам каза болду.