БУУ Африка мүйүзүндөгү кургакчылык тууралуу билдирди

Африка мүйүзүндөгү миллиондогон адамдар катуу кургакчылык менен күрөшүп жатат.

1764018
БУУ Африка мүйүзүндөгү кургакчылык тууралуу билдирди

БУУнун Азык - түлүк жана айыл чарба уюму ФАО Африка мүйүзүндөгү миллиондогон адамдардын катуу кургакчылык менен күрөшүп жатканын жарыялады.

ФАОнун чукул абалдар боюнча дирекору Рейн Полсен жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Эфиопия, Сомали жана Кениядагы кургакчылыктын узун убакыттан бери  болуп келе жаткандыгына көңүлдөрдү бурду.

Полсен Африка мүйүзү өлкөлөрүндөгү катуу кургакчылыкка карата чукул түрдө чара көрүлүшү керектигин баса белгиледи.

Ачкачылык кризиси болушу мүмкүн экенин эскерткен Полсен дыйкандарга жана мал чарбачылыгы менен алектенгендерге колдоо көрсөтүү керектигин баса белгиледи.

Полсен Кения, Эфиопия жана Сомалиде кургакчылыктан жапа чеккен 25 миллион киши үчүн 138 миллион долларлык жардам керектигин айтты.  

Африка мүйүзү 2019 - жылы чөл чегирткелери айыл чарба жерлерин басып алгандыктан, азык - түлүк кризисине туш болгон.



Тектеш кабарлар