Нью-Йоркто өрттөн каза болгон мусулмандар жаназа намазы окулду

Нью-Йорк шаарынын мэри Эрик Адамс жана АКШ сенатынын көпчүлүк лидери, Нью-Йорктун демократ сенатору Чак Шумер, ошондой эле Гамбия өкмөтүнүн эки расмий өкүлү катышты.

1763567
Нью-Йоркто өрттөн каза болгон мусулмандар жаназа намазы окулду
New York Bronx Musluman töreni1.jpg

Көпчүлүгү Африка өлкөсү Гамбиядан келген мусулмандардын жакындары жана анын айланасындагы тургундар катышкан жаназада көптөгөн адамдар көз жашын тыя албай турду.

Жаназа намазына Нью-Йорк шаарынын мэри Эрик Адамс жана АКШ сенатынын көпчүлүк лидери, Нью-Йорктун демократ сенатору Чак Шумер, ошондой эле Гамбия өкмөтүнүн эки расмий өкүлү катышты.

Жаназа намазы жана окулган дубалардан кийин сөөктөрдүн 11инин сөөгү коюлуу үчүн Нью-Жерсиге жөнөтүлүп, 4үнүн үй-бүлөлөрүнүн өтүнүчү менен Гамбияга жеткирилери белгилүү болду.

Ушул аптанын башында Гарлемдеги мечиттен өрттөн каза болгон эки баланын сөөгү чыгарылды.

Бронкс аймагында 9-январда электр жылыткычынан чыккан өрттөн 17 адам, анын ичинде 8 бала каза болуп, 63 адам түтүндөн ууланган.



Тектеш кабарлар