Грузиянын базары Түркиядан алынчу дарыларга ачылды

Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили өлкөсүнүн фармацевтикалык рыногун Түркиядан алынуучу дарыларга ачуу боюнча жарлыкка кол койгонун билдирди.

1763772

Гарибашвили борбор шаар Тбилисидеги Министрлер кеңешинин жыйынынын башталышында сүйлөгөн сөзүндө дарылардын баасын арзандатуу жана сапаттуу дарыларды өлкөгө алып келүү үчүн өткөн аптада Түркиядан дары сатып алуу чечимин чыгаргандарын эскертип: «Биз бүгүн өкмөттүн токтомуна кол койдук, андыктан эми GMP стандартындагы жогорку сапаттагы дарылар Түркиядан алынып келинет»,-деди.

Премьер-министр Гарибашвили Түркия менен Грузиянын ортосунда дары баасында олуттуу айырма бар экенин, өзгөчө эң көп талап кылынган дарылардын Түркияда алда канча арзан экенин айтты.

ЭСКЕРТҮҮ: GMP (Good Manufacturing Practices) - бул продукттун ишенимдүү түрдө өндүрүлгөнүн көрсөткөн документ.

Тектеш кабарлар