Мозамбиктеги террордук кол салуулар...

Мозамбиктин Билим берүү жана адамдык өнүгүү министрлигинин басма сөз катчысы Жина Гуибунда өткөн жылы Кабо Делгадодогу террордук кол салуулардан улам эң аз 8 мугалимдин өмүрү кыйылганын билдирди.

1763253
Мозамбиктеги террордук кол салуулар...

Инди океанынын жээгинде жайгашкан Чыгыш Африка өлкөсү Мозамбикте Ансарус Сунна тарабынан 2021-жылы жасалган террордук кол салуулардан 123 миңден ашуун окуучунун жабыр тартканы белгиленди.

Мозамбиктин Билим берүү жана адамдык өнүгүү министрлигинин басма сөз катчысы Жина Гуибунда өткөн жылы Кабо Делгадодогу террордук кол салуулардан улам эң аз 8 мугалимдин өмүрү кыйылганын билдирди.

Гуибунда: «Өткөн жылы Кабо Делгадодогу террордук кол салуулардан 123 миң 433 студент жабыркаган»,- деди.

Түндүктөгү Нангаде, Пальма жана Макомия аймактарынын кол салуулардан эң көп зыян тарткан жерлер болгонун белгилеген Гуибунда, кол салууларда 46 мектептин да жабыркаганын айтты.

Мозамбиктин Кабо Делгадо аймагында 2017-жылдан бери Ансарус Суннанын карапайым калкка жасаган кол салууларынан ушул убакка чейин 3 миңден ашуун киши каза болуп, 800 миңден ашуун киши жер которгон.

Уюм жаратылыш газы жана баалуу металлдар жайгашкан аймактагы стратегиялык пункттарды басып алгандан кийин чет элдик жалданма аскерлер менен Түштүк Африка өнүгүү коомчулугунун (SADC) миссиясы террор менен күрөшө баштады.

SADC миссиясынын алкагында өлкөдө Ангола, Ботсвана, Конго Демократиялык Республикасы, Лесото, Малави, Түштүк Африка, Танзания жана Замбиядан жүздөгөн жоокерлер кызмат өтөшүүдө.

Руанда да атайын бөлүктөрү менен терроризмге каршы күрөштү колдоодо.



Тектеш кабарлар