АКШда барымтага алынган адамдар куткарылды

Техас штатынын Коллейвилл шаарынын жооптуу кызматкерлери куралчан тарабынан барымтага алынган үч кишинин имаратка жасалган операцияда куткарылганын жарыялады.

1763304
АКШда барымтага алынган адамдар куткарылды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Техас штатында куралдуу кол салуучу тарабынан синагогада барымтага алынган адамдардын куткарылганы кабарланды.

Техас штатынын Коллейвилл шаарынын жооптуу кызматкерлери куралчан тарабынан барымтага алынган үч кишинин имаратка жасалган операцияда куткарылганын жарыялады.

Бет Израиль жамаатынын мүчөсү,барымтага алынган төрт адамдын бири, куралчан адам барымтага алгандан бир нече сааттан кийин бошотулган.

Синагогада барымтадагыларды 10 сааттан ашык кармаган куралчандын операцияда набыт кылынганы белгиленди.

Операцияга жооптуу Федералдык Тергөө Бюросунун (ФБР) атайын агенти Мэтт ДеСарно анын командасы «атышкан окуяны» иликтей турганын айтты.

ФБРдин жана полициянын өкүлү кол салган адамды ким атканы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

ДеСарно, куралчан адамдын өздүгү аныкталганын, бирок алар азыр анын ким экендигин ачыктоого же тастыктоого даяр эместиктерин айтты.

Синагогага куралчан адамдын кирип, бир жөөт дин кызматкери да болгон төрт кишини барымтага алганы, окуяга атайын курал жана тактика бөлүгүнүн (SWAT) тартылганы билдирилди.



Тектеш кабарлар