ЦРУнун Украина аскерлерин Россияга каршы машыктыргандыгы айтылууда

Украинада АКШ армиясына караштуу 200 аскер бар.

1763052
ЦРУнун Украина аскерлерин Россияга каршы машыктыргандыгы айтылууда

АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы ЦРУнун Россиянын ыктымалдуу кол салуусуна каршлык көрсөтүү операциясын баштоо үчүн Украина армиясы жана чалгындоосунан бир группанын жашыруун машыктырылгандыгы  айтылууда.  

Yahoo Newsтын мурдагы жана азыр да кызматын улантып жаткан чалгындоо жетекчилерине таянып берген кабарында ЦРУнун АКШнын мурунку президенттеринен Барак Обама мезгилинде курулган Кургактык операциялары департаментинин Украианын атайын күчтөрүнө жана чалгындоо уюмдарына караштуу күчтөрдү машыктыргандыгы ортого салынды.  

АКШнын түштүк аймактарынын биринде өткөрүлгөн бир нече жумалык күчөтүлгөн машыгуунун курал колдонуу, камуфляж, кургактык навигациясы сыяктуу бир топ теманы камтыгандыгы белгиленди.

Программанын Россияны түздөн  - түз кайтаруу жана ыктымалдуу басып алууда орустарга каршы туруу операциясын жүргүзүү боюнча түзүлгөндүгү, машыктырылган группанын жакынкы убакта Россияга каршы олуттуу роль ойной тургандыгы маалымдалды.

ЦРУнун сөз болгон бул группага  караштуу агенттеринин 2015 -  жылдан бери ирээттүү түрдө Украинанын чыгышына барып, Украина армиясына тактикалык колдоо бергендиги белгиленди.

Украинада АКШ армиясына караштуу 200 аскер бар. Пентагон бул күчтүн Украина армиясына тактикалык колдоо берүү үчүн убактылуу жайгаштырылгандыгын  билдирген.



Тектеш кабарлар