Нигерияда куралдуу кол салуу болду
Кол салууда 13 киши каза болду.
1762984
Нигериядагы куралдуу кол салууда 13 киши каза болду.
Нигер штатынын полициясынын басма сөз катчысы Васиу Абиодун билдиргендей, куралдуу кишилер штаттын Накундна айылында талаада иштеген дыйкандарга кол салышкан.
Абиодун кол салууда 13 кишинин каза болгонун, көп сандаган кишинин жараланганын белгиледи.
Жабыркагандардын ооруканага жеткирилгенин айткан Абиодун, аймакка коопсуздук күчтөрүнүн жиберилгенин жана иликтөө башталганын маалымдады.
Улуттук маалымат каражаттары кол салуудан 37 кишинин каза болгонун кабарлашты.
Тектеш кабарлар
НАТО өлкөлөрү Украинага абадан коргонуу системалары тууралуу жардам берет
НАТО - Украина кеңеши коргоо министрлеринин деңгээлинде онлайн жыйын өткөрдү.