Кагылышуулардан улам Тигрейге гуманиардык жардам жеткириле албай жатат
Аймакта кагылышуулардан улам болжол менен 2,5 миллион адам жер которгон.
Бириккен Улуттар Уюму Эфиопияда уланып жаткан кагылышуулардын гуманитардык жардамдардын Тигрейге жеткирлишин кыйындатканын билдирди.
БУУнун башкы катчысынын басма сөз катчысы Фархан Хак пресс - брифингинде Абала шаарынын айланасында уланып жаткан кагылышуулардан улам гуманитардык жардамдын үзгүлтүккө учураганын, 14 - декабрдан бери Тигрейге гуманитардык жардам жөнөтүлбөй, акыркы 5 айдан бери күйүүчү майдын жеткириле албагандыгын айтты.
Гуманитардык жардам уюмдарынын күйүүчү май тартыштыгынан улам азык - түлүк жардамын да жеткире албаганын белгилеген Хак, Тигрейге карай абадан кол салуулардын күчөшүнө көңүлдөрдү бурду.
Өлкөнүн түндүгүндө бир жылдан ашык убакыттан бери уланып келе жаткан кагылышуулардан улам болжол менен 2,5 миллион адам жер которгон жана аймактагы 5 миллиондон ашуун адам тез жардамга муктаж.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.