Европа Биримдиги Украинага карата кибер чабуулдарды айыптады
Вархели : "Бул чабуулдар токтотулушу керек. Европа Биримдиги комиссиясы Украинанын кибер туруктуулугун бекемдөө үчүн колдоосун арттырууга даяр",- деди.
Европа Биримдиги Украинанын мамлекеттик мекемелерине жасалган кибер чабуулдарды айыптады.
Европа Биримдигинин коңшулук саясаты жана кеңейүү боюнча жооптуу мүчөсү Оливер Вархели Украинага каршы кибер чабуулдар тууралуу социалдык медиа аркылуу маалымат берди.
Украинага жасалган кибер чабуулдарды катуу айыптагандарын белгилеген Вархели, булардын кабыл алынгыс жана туруксуздукка алып келгенин белгиледи.
Вархели : "Бул чабуулдар токтотулушу керек. Европа Биримдиги комиссиясы Украинанын кибер туруктуулугун бекемдөө үчүн колдоосун арттырууга даяр",- деди.
Украинадагы айрым мекемелердин, анын ичинде Тышкы иштер министрлигинин веб -сайттары кибер чабуулга учурады.
Украинанын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Олег Николенко министрликтин жана айрым мамлекеттик мекемелердин интернет сайттары кеңири масштабдагы кибер чабуулдан улам иштебей калганын билдирген.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.