Европа Биримдиги Түркия менен Армениянын карым - катнаштарды нормалдаштыруу аракеттерине ыраазы

Европа Биримдиги  Түркия менен Армениянын карым - катнаштарды нормалдаштыруу багытында иштөө эркинен ыраазы экенин билдирди.

1762956
Европа Биримдиги Түркия менен Армениянын карым  - катнаштарды нормалдаштыруу аракеттерине ыраазы

Европа Биримдиги  Түркия менен Армениянын карым - катнаштарды нормалдаштыруу багытында иштөө эркинен ыраазы экенин билдирди.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Борреллдин кеңсесинен берилген маалыматта  бул максатта эки өлкөнүн атайын өкүлүнүн дайындалышына ыраазычылык билдирди.

Атайын өкүлдөрдүн кечээ өткөргөн биринчи жыйынынын оң кадам экендиги белгиленгенип, Европа Биримдигинин Түркия жана Армениянын нормалдаштыруу аракеттерин колдогондугу билдирилди.

Маалыматта  нормалдашууга карай кадамдардын аймактык ырааттуулук, элдешүү мүмкүнчүлүгү жана экономикалык өнүгүү жагынан жакшы кабар экени, Түркия менен Армениянын ортосундагы нормалдашуунун Европа Биримдиги үчүн эки өлкө менен карым  - катнаштарында абдан маанилүү экени баса белгиленди.

Маалыматта  Европа Биримдигинин мамилелерди нормалдаштыруу багытында мындан аркы кадамдарды колдоого даяр экени айтылды.

Кечээ Түркиянын Армениядагы атайын өкүлү Сердар Кылыч менен Армениянын атайын өкүлү Рубин Рубинян  Россиянын борбор шаары Москвада жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын нормалдашуусу боюнча сүйлөштү.

Тышкы иштер министрлиги жолугушуудан кийин берген маалыматында  Түркия менен Армениянын карым - катнаштардын толук нормалдашуусу үчүн сүйлөшүүлөрдү  шартсыз түрдө улантууга макулдашкандарын билдирди.



Тектеш кабарлар