Ашыкча ысыктык Аргентинаны электр энергиясыз калтырды

Борбор шаардын түндүк бөлүгүндө кечээ кеминде 150 000 үй жана иш жери электрсиз калды.

1763131
Ашыкча ысыктык Аргентинаны электр энергиясыз калтырды

Аргентинанын борбор шаары Буэнос Айресте абанын температурасы 40 градустан ашып,  электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына себеп болду.  Жүз миңдеген үй менен  ишканага  электр бериле  албай жатат.

Буэнос - Айресте аптанын башынан бери жогорулаган температура үйлөрүн жана жумуш ордун муздатууну каалагандардын энергия керектөөсүн бир топ жогорулатты.

Бул да электр бөлүштүргөн бир нече фирманын ишинде үзгүлтүктөрдү алып келип, үзгүлтүктөр эң аз 7000  000 кишиге зыянын тийгизди. Борбор шаардын түндүк бөлүгүндө кечээ кеминде 150 000 үй жана иш жери электрсиз калды.

Аргентинанын Улуттук метеорологиялык кызматы  апта башында өтө ысык толкун тууралуу эскертүү берип, электр энергиясы менен камсыздоочу компаниялар бөлүштүрүүчү тармактарды бекемдөөгө аракет кылып жатканын билдирген.



Тектеш кабарлар