Казакстанда 4 аймакта өзгөчө кырдаал жоюлду

Казакстандын президентинин жарлыгына ылайык, 14 - январдан тарта (бүгүн) Чымкент шаарында жана Түркстан, Караганды, Чыгыш Казакстан облустарында өзгөчө кырдаал режими жоюлду.

1762898
Казакстанда 4 аймакта өзгөчө кырдаал жоюлду

Казакстанда нааразылык акциялары жана зомбулук окуяларынан улам 5 - январда жалпы өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаал бүгүн 4 аймакта токтотулду.

Казакстандын президентинин жарлыгына ылайык, 14 - январдан тарта (бүгүн) Чымкент шаарында жана Түркстан, Караганды, Чыгыш Казакстан облустарында өзгөчө кырдаал  жоюлду.

Мындан мурда Батыш Казакстан, Павлодар жана Түндүк Казакстан аймактарында да өзгөчө кырдаалдын жоюлгандыгы билдирилген.

Суюлтулган газ бааларынын кымбатташы менен башталган андан кийин жалпы өлкөгө жайылып зомбулук окуяларына айланга нааразылык акцияларынан улам 5 - январда өлкөнүн 3 чоң шаары менен 4 аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Бир тараптан 6 - январда өлкөгө жайгаштырылган Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Тынчтык күчү аскерлеринин өлкөдөн чыгуу процесси улантылууда.

Алматы аэропортунан кечээ орус аскерлери, бүгүн болсо Кыргызстан, Белорусия, Тажикстан жана Армениянын аскерлерин ташыган 10дон ашуун учактын учкандыгы белгиленди.

Өлкөдө жашоо калыбына келгендиктен, ишин токтоткон экинчи деңгээлдеги банктар жана валюта алмаштыруу жайлары ачылды. Интернетке кирүү чектөөлөрү толугу менен жоюлду.

Соода жана оюн-зоок борборлору, ресторандар, ашканалар тейлөө ишин баштады. Окуялардан эң көп жабыр тарткан Алматыда шаарды тазалоо жана оңдоо иштери уланууда.

Өзгөчө Алматы губернаторлугунун өрттөлүп, толугу менен күйүп кеткен имаратында калыбына келтирүү иштери башталды.

Буга чейин күч органдары тарабынан курчоого алынган Республика аянты кайрадан кыймылга  ачылды. Алматы аэропортунда ички каттамдарга уруксат берилди.

Казакстанда террордук кол салуу деп мүнөздөлгөн окуяларда эң көп Алмтыдагы иш жерлери,банк имараттары менен соода борборлору зыян тартты.

Өлкө экономикасына келтирилген зыяндын 217,7 миллион доллардан ашканы белгиленди. Алматы облусунда жана Жамбыл облустарында өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн террордук операциясы уланууда. Буга чейин 10 миңден ашуун адам кармалган.

Окуяларда 164 адам каза болгон деген маалымат расмий бийлик тарабынан тастыктала элек.



Тектеш кабарлар