Израиль аскерлери 9 палестиналыкты жаралады

Израиль аскерлери желим ок жана көздөн жаш агызуучу газ менен  кийлигишип, палестиналыктар таш менен жооп кайтарды.

1762684
Израиль аскерлери 9 палестиналыкты жаралады

Оккупация астындагы Батыш Шериада еврей отурукташуучуларына каршы уюштурулган митинге кийлигишкен Израиль аскерлери 9 палестиналыкты жаралады. 

Палестиналыктар Батыш Шерианын Наблус шаарына караштуу Бурка аймагына жакын жердеги еврей отурукташуучулардын кол салууларына жана Израиль армиясынын аймакка кире бериш жерге жайгаштырган тосмолорду алышы үчүн митинг өткөрүштү.

Израиль аскерлери желим ок жана көздөн жаш агызуучу газ менен  кийлигишип, палестиналыктар таш менен жооп кайтарды.

Палестина Кызылайынын жазуу түрүндөгү маалыматында Израиль аскерлеринин кийлигишүүсү учурунда 7 палестиналыктын желим октон жараланганы, 2 кишинин денесиндеги күйүктөн жараланганы белгиленди.

Билдирүүдө көздөн жаш агызуучу газдан көп сандаган палестиналыктын да жабыр тартканы маалымдалды. 

 

 



Тектеш кабарлар