Нигерияда барымтага алынган 26 киши куткарылды.

Нигериянын Кадуна штатында куралдуу бандалар тарабынан барымтага алынган 26 кишинин операцияда куткарылганы билдирилди.

1762220
Нигерияда барымтага алынган 26 киши куткарылды.

 Нигериянын Кадуна штатында куралдуу бандалар тарабынан барымтага алынган 26 кишинин операцияда куткарылганы билдирилди.

Нигерия Аба күчтөрүнүн (NAF) басма сөз катчысы Эдвард Габквет жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Нигерия армиясынын Кадуна штатынын Бирнин Гвари аймагында террордук уюм деп жарыялаган куралдуу бандаларга карата абадан операция жүргүзгөнүн белгиледи.

Габквет операцияда куралчан адамдар тарабынан барымтага алынган 26 кишинин куткарылганын айтты.

Операцияда уюмдун лагеринин жардырылгандыгын белгилеген Габквет көп сандаган террористтин да жок кылынгандыгы тууралуу маалыматты  бөлүштү.

Бул аймакта  мал чарбачылыгы менен алектенген  фуланилер менен дыйканчылык менен жан баккан кээ бир уруулардын ортосунда катуу кагылышуулар болуп турат.

Өткөн жылы Кадуна штатында куралчан адамдардын  кол салууларында миңден ашуун адам каза болуп, 1972 адам барымтага алынган.



Тектеш кабарлар