Кытайда Omicron варианты үчүнчү шаарга жетти
Кытайда Omicron варианты биринчи жолу 14-декабрда катталган.
1761844
Кытайдын Тяньцзинь шаарында байкалган коронавирустун (Ковид-19) Omicron вариантынын Ляонин провинциясынын Далянь шаарында да аныкталганы маалымдалды.
Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) билдирүүсүндө, Ковид-19дун Omicron вариантынын шаардагы жергиликтүү бейтаптан табылганы айтылды.
Кытайда Omicron варианты биринчи жолу 14-декабрда, өлкөгө 9-декабрда чет өлкөдөн кирген адамда кездешкен.
Андан кийин 10-январда Хнан провинциясынын Анян шаарында жергиликтүү 2 бейтапта Omicron варианты аныкталып, биринчи учурдун Тяньцзинь шаарынан Анянга кайтып келген университеттин студенти экени кабарланган, ал жерде Omicron оорусу биринчи жолу 28-декабрда байкалган.
Кийинки күндөрдө Анянда Омикрондун жайылышынан улам бейтаптардын саны көбөйгөн.