Израиль аскерлери бири бирине ок атты

Оккупациядагы Батыш Шериада Иордания өрөөнүнө жакын жердеги бир базада ок атылып Израилдин 2 аскеринин каза болгондугу билдирилди.

1762073
Израиль аскерлери бири бирине ок атты

Оккупациядагы Батыш Шериада Иордания өрөөнүнө жакын жердеги бир базада ок атылып Израилдин 2 аскеринин каза болгондугу билдирилди.

Израиль армиясынан берилген маалыматта : «Бүгүн түнү Иордания өрөөнүндөгү бир лагер жакынындагы күзөт учурунда 2 офицер достук атышуусунун натыйжасында каза болду»,- деп билдирилди.

Маалыматта аскерлердин жаңылыш диагноздон улам бири - бирине ок аткандыгы белгиленди. Бул тууралуу офицерлердин үй  - бүлөлөрүнө кабар берилди жана окуя тууралуу тергөө иши баштатылды.

Атын билдирбеген жогорку мартабалуу офицер Израилдин "Walla" маалымат сайтына берген билдирүүсүндө каза болгон 2 офицердин  Израиль армиясындагы тандамал десанттык бөлүктөрдүн биринин командирлигинде экендигин айтты.



Тектеш кабарлар