Ирадын тышкы иштер министри Казакстандын вице - премьер - министри менен сүйлөштү

Ирандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Абдуллахиян менен Тилеуберди эки тараптуу карым - катнаштар жана аймактык өнүгүүлөр тууралуу пикир алмашышты.

1762077
Ирадын тышкы иштер министри Казакстандын вице  - премьер  - министри менен сүйлөштү

Ирандын тышкы иштер министри Хусейин Эмир Абдуллахиян Казакстандын вице – премьер - министри жана тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Абдуллахиян менен Тилеуберди эки тараптуу карым - катнаштар жана аймактык өнүгүүлөр тууралуу пикир алмашышты.

Абдуллахиян Казакстандагы башаламандык башталгандан бери болуп жаткан окуяларды кылдаттык менен иликтеп жатышкандарын, Казакстандын улуттук эгемендигин колдогондорун жана тышкы кийлигишүүнү айыптагандарын белгиледи.

Тилеуберди да Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаевдин Иранга сапарынын күн тартибинде экенин белгилеп, Иран менен соода карым  - катнаштарын өнүктүрүүнүн маанилүү экендигин айтты.

Тилеуберди  өзгөчө Ирандын президенти Ибрахим Реисини октябрь айында өтө турган Казакстан Эл аралык жыйынына чакырды.



Тектеш кабарлар