АКШда Байденди колдоо 33 пайызга төмөндөдү
Квиннипиак университети жүргүзгөн сурамжылоодо, элдин Байденге болгон колдоосундагы төмөндөөнүн уланганы байкалды.
АКШда жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы коомчулуктун үчтөн бир бөлүгүнүн гана президент Жо Байдендин ишине канааттанганын көрсөттү.
Квиннипиак университети жүргүзгөн сурамжылоодо, элдин Байденге болгон колдоосундагы төмөндөөнүн уланганы байкалды.
Сурамжылоого катышкандардын 33 пайызы Байдендин президенттик кызматтагы ишмердүүлүгүн жактырганын айтышты.
Сурамжылоого катышкан демократтардын 75 пайызы Байдендин ишине канааттанганын айтса, көз карандысыз шайлоочулардын 25 пайызы гана Байдендин ишмердүүлүгүн жактырганын билдиришти.
Катышуучулардын 57 пайызы Байдендин экономикалык көрсөткүчтөрүнө, 54 пайызы тышкы саясатына жана 55 пайызы коронавирус (Ковид-19) менен күрөшүүсүнө канааттанбаганын айтышты.
Байдендин администрациясы бензиндин кымбатташы, акыркы 39 жылдын туу чокусуна жеткен инфляция жана Ковид-19 учурларынын эң жогорку деңгээлинен улам тез-тез сынга алынууда.