Түштүк Африкадагы өрттө 50 миң гектардан ашуун өсүмдүк жок болду

Оверстранд шаарынын мэри Аннели Раби өрттүн кесепетинен 5 миң 372 гектар аянттын өсүмдүктөрү жок болгондугун билдирди.

1761627
Түштүк Африкадагы өрттө 50 миң гектардан ашуун  өсүмдүк жок болду

Түштүк Африка Республикасынын Батыш Кейп провинциясынын Оверстранд округуна караштуу Клейнмонд аймагында 8 - январда башталган жана бүгүн көзөмөлгө алынган өрттүн кесепетинен 5 миң гектардан ашуун өсүмдүктүн жок болгону маалымдалды.

Оверстранд шаарынын мэри Аннели Раби өрттүн кесепетинен 5 миң 372 гектар аянттын өсүмдүктөрү жок болгондугун билдирди.

Рабие 148 өрт өчүргүч кызматкери 4 күндөн бери өчүрүү иштерин жүргүзгөн өрттүн кечээ кечтен бери 95 пайызы көзөмөлгө алынганын айтты.

8 - январь, ишемби күнү аймактагы карагай талаасында башталып, аз убакытта  тегеректеги айыл чарба жерлерине жана шалбааларга жайылган өрттөн адам өмүрүнө зыян келбестен,бир имарат жабыркады.

Батыш Кейп провинциясында ысык, кургак жана шамалдуу жай айлары "өрт мезгили" деп аталат.

Аймакта жыл сайын жай айларында миңдеген өрт катталууда. 

 



Тектеш кабарлар