Түштүк Африкада катуу шамал: 24 киши каза болду

Билдирүүдө табигый кырсыктан 700дөн ашуун имараттын жабыркаганы кабарланды.

1761624
Түштүк Африкада катуу шамал: 24 киши каза болду

Түштүк Африка Республикасынын чыгышындагы КваЗулу-Натал аймагында болгон катуу шамалдын кесепетинен акыркы 4 жумада 24 киши каза тапты.

КваЗулу-Натал аймагынын өкмөтүнүн билдирүүсүндө, аймакта 15-декабрдан бери бир катар катуу шамалдар болуп жатканы айтылды.

Билдирүүдө аба ырайынан улам 18 киши  сууга чөгүп, 6 кишинин да чагылган тийип каза болгону кабарланды.

Билдирүүдө табигый кырсыктан 700дөн ашуун имарат жабыркап, болжол менен 207 миллион долларлык материалдык чыгым келтирилгени айтылды.

Түштүк Африканын Аба ырайы кызматы да бүгүн аймакта нөшөрлөгөн жамгыр жаашы мүмкүн экенин эскертти.



Тектеш кабарлар