Польшанын Беларусия чек арасында мигранттардын өлтүрүлгөндүгү билдирилди

Беларусияга баш калкалаган поляк аскери Эмил Чечко былтыр жайдан бери Польшанын чек арасында 240тан ашуун мигранттын набыт болгонун айтты.

1761661
Польшанын Беларусия чек арасында мигранттардын өлтүрүлгөндүгү билдирилди

Беларусияга баш калкалаган поляк аскери Эмил Чечко былтыр жайдан бери Польшанын чек арасында 240тан ашуун мигранттын набыт болгонун айтты.

Беларусиянын Тергөө комитетинин билдирүүсүндө, Чечко тергөө учурунда 8 - июндан бери Польшанын Семьяновка конушунун жанында жана Беларусиянын чек арасында башка поляк аскерлери менен уюмдашкан киши өлтүрүүгө катышканын билдирген.

Чечконун бирден ашык адам өлтүрүүгө күбө болгону билдирилген маалыматта : «Бул аскердин айтканына караганда 240тан ашуун киши өлтүрүлгөн»,- деп билдирилди.

Чечконун тергөө учурунда өлтүрүлгөн мигранттардын арасында аялдар менен балдардын, Польша чек арасынан Германияга бара жаткан чет элдиктерге жардам берген эки ыктыярчынын да бар экендигин айтканы белгиленген маалыматта : «Аскердин айтымында, сөөктөр Польшанын коопсуздук күчтөрү тарабынан токойдогу атайын даярдалган чуңкурларга чогуу көмүлгөн»,- деп билдирилди.

Алынган маалыматтын негизинде объективдүү далилдерди чогултуу   максатында Беларусиянын Тышкы иштер министрлиги тиешелүү эл аралык уюмдарга, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү жана Афганистандагы ыйгарым укуктуу органдарга дипломатиялык каналдар аркылуу кабар берди. Германияга жана Батыш Европага кеткен жарандардын дайынсыз жоголушу тууралуу маалымат чогултуунун баштатылгандыгы маалымдалды.

Польшанын куралдуу күчтөрнүн мүчөсү болгон Эмил Чечко 16 -  декабрда Польшанын мигранттарга карата катуу саясатына катышпагандыгын билдирген  негиз менен чек арадан өтүп Беларусиядан баш паанек талап кылган.



Тектеш кабарлар