Европа Биримдигине 2021 - жылы 195 000 киши мыйзамсыз кирген

Европа Биримдигинин чек араларына 2021 -  жылы мыйзам тышы жолдор менен киргендердин саны андан мурунку жылга караганда 57 пайызга өсүп 195 000 болду.

1761120
Европа Биримдигине 2021 - жылы 195 000 киши  мыйзамсыз кирген

Европа Биримдигинин чек араларына 2021 -  жылы мыйзамcыз жолдор менен киргендердин саны андан мурунку жылга караганда 57 пайызга өсүп 195 000 болду.

Европа Биримдигинин Чек ара коопсуздук агенттиги Frontexтин маалыматына ылайык, Европа Биримдиги өлкөлөрүнө мыйзамсыз кирүүлөр саякатка чектөөлөрдүн жеңилдеши менен бирге   Ковид - 19 эпидемиясына чейинки денгээлден өттү.

Чек аралардан мыйзамсыз жолдор менен  киргендердин саны 2020 – жылга караганда 57 пайызга, 2019 -  жылга караганда 36 пайыздык өсүү көрсөттү.

Өткөн жылы кирүү үчүн эң көп колдонулган жол Борбордук Жер Ортолук деңизи болгон. Бул жолдон 65 000ден ашуун адам Европа Биримдиги өлкөлөрүнө кирген. Борбордук Жер Ортолук деңизинен киргендер 2020 - жылга салыштырмалуу 83 пайызга өстү. Батыш Жер Ортолук деңиз аймагынан келген агымдар 6 пайызга өсүп, 18 000ден ашты.

Чыгыш Европадан, өзгөчө Беларустан Европа Биримдиги өлкөлөрүнө киргендер 1000 пайызга өскөн. 2021 - жылы Беларустан мыйзамсыз киргендердин саны 8 000ге жакын болгон.

Европа Биримдиги чек араларына эң көп мыйзамсыз киргендер сириялыктар болду. Сириялыктардан кийин тунистиктер, марокколуктар, алжирдиктер жана афганистандыктар болду.



Тектеш кабарлар