БУУнун Йемен боюнча атайын өкүлү Коопсуздук Кеңешти Йемендеги тынчтык аракетин колдоого чакырды

БУУнун өкүлчүлүгүнүн жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Грундберг Улуу Британияга сапарын бир катар жогорку даражалуу жетекчилер менен жолугушуу менен жыйынтыктады.

1761176
БУУнун Йемен боюнча атайын өкүлү Коопсуздук Кеңешти Йемендеги тынчтык аракетин колдоого чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Йемен боюнча атайын өкүлү Ханс Грундберг, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин Йемендеги тынчтык аракеттеринин ийгилиги үчүн уюшкан жана үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүүгө чакырды.

БУУнун өкүлчүлүгүнүн жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Грундберг Улуу Британияга сапарын Англиянын Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча мамлекеттик министри Жеймс Клеверли жана бир катар жогорку даражалуу жетекчилер менен жолугушуу менен жыйынтыктады.

Британ расмийлери менен болгон жолугушуусунда Грундберг Йемендеги экономикалык абалдын начарлашын, соңку аскердик чыңалуу жана анын чыр-чатакка катышкан тараптардын ортосундагы жаңжалды тынчтык жана адилеттүү чечим табуу мүмкүнчүлүктөрүнө тийгизген терс таасирин талкуулады.

Атайын өкүл Грундберг аскердик тирешүүнүн туруктуу чечимдерге тоскоол экенин баса белгилеп: «Йемендик тараптар сүйлөшүүлөр аркылуу зордук-зомбулукту азайтуу жана ар тараптуу чечимге жетүү жолун табууга багытталган туруктуу саясий диалогго барышы керек»,-деп айтты.

БУУнун бул процессти колдоого даяр жана каалаганын белгилеген Грундберг, бул аракеттердин ийгилиги үчүн эл аралык коомчулуктун жана БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө мамлекеттердин уюшкан жана үзгүлтүксүз колдоосу абдан маанилүү экенине көңүл бурду.



Тектеш кабарлар