Түндүк Корея кайрадан ракетасын сынады

Билдирүүдө ракетанын баллистикалык болуу ыктымалдыгы жогору экени айтылды.

1760581
Түндүк Корея кайрадан ракетасын сынады

Түндүк Кореянын баллистикалык болуу ыктымалдыгы жогору ракета сыноосун өткөргөнү кабарланды.

Түштүк Кореянын Башкы штаб төрагалыгынын билдирүүсүндө, Түндүк Кореянын кургактыкка жайгаштырылган ракетаны жергиликтүү убакыт боюнча саат 07.27 чамасында Япония деңизине карай учурганы белгиленди.

Билдирүүдө ракетанын баллистикалык болуу ыктымалдыгы жогору экени айтылды.

Япон өкмөтү да ракетанын улуттук өзгөчө экономикалык аймактын сыртына түшкөнүн жарыялады.

Япониянын Коргоо министрлиги “баллистикалык деп болжолдонгон ракета” боюнча кеңири маалымат берген жок.

Киодо агенттиги, аймактагы кемелерге жана учактарга эч кандай зыян келтирилбегенин билдирди.

Сыноолорду «өкүнүчтүү» деп сыпаттаган Япониянын премьер-министри Кишида Фумио Түндүк Кореянын аскердик иш-аракеттерин көзөмөлдөөнү уланта тургандарын айтты.

Түндүк Корея 5-январда "гиперүндүү ракетасын ийгиликтүү сынаганын" жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар