Талибан саясий максаттарын жарыялады

Эмирхан Муттаки Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) борбор шаары Вашингтондо ооган уюмдары жана Американын Зекет фонду биргелешип уюштурган «Ооганстан үчүн тынчтык жана гуманитардык жардам конференциясына» видео конференция аркылуу байланышты.

1760704
Талибан саясий максаттарын жарыялады

 

Ооганстанды көзөмөлдөгөн Талибандын тышкы иштер министринин орун басары Эмирхан Муттаки өлкөсүнүн улуу державалардын кагылышуу аймагына айланышына жол бербей тургандарын жана бардык коңшулары жана эл аралык коомчулук менен өз ара урматтоого негизделген мамиле түзүүнү каалашкандарын айтты.

Эмирхан Муттаки Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) борбор шаары Вашингтондо ооган уюмдары жана Американын Зекет фонду биргелешип уюштурган «Ооганстан үчүн тынчтык жана гуманитардык жардам конференциясына» видео конференция аркылуу байланышты.

2020-жылдын февраль айында АКШ менен Талибандын ортосундагы келишимдин чет элдик күчтөрдүн өлкөсүнөн чыгарылышына жол ачкан маанилүү бурулуш учур экенин түшүндүргөн Муттаки:«Ооганстанга жоопкерчиликтүү тарап катары дүйнөдө стабилдүүлүктү, экономикалык өсүштү жана жакшы келечекти курууда позитивдүү роль ойноого мүмкүнчүлүк берүүнүн мезгили келди»,-деди.

Август айында Ооганстандын өтө оор мезгилди башынан өткөргөнүнө көңүл бурган Муттаки, АКШнын аскерлерин чыгарып кетиши менен Талибандын өлкөнү көзөмөлгө алуусунун айтылгандардын тескерисинче, өтө тынч чөйрөдө болгонун айтты.

Муттаки:«Ооган Ислам Эмирлиги улуттук биримдик билдирүүсү менен борбор калаа Кабулга кирип, мурдагы саясий жана аскердик атаандаштарына тынчтык жана бир туугандыктын кучагын ачты. Тарыхта мындай цивилизациялуу, гумандуу жана исламий иш чанда кездешкен»,-деди.

Катардын борбор шаары Дохада АКШ менен түзүлгөн келишимдин Ооганстан менен дүйнө ортосундагы карым-катнаштын негизги алкагын түзгөнүн белгилеген Муттаки сөзүн төмөнкүдөй улантты: «Биз коңшуларыбыз, аймак жана дүйнө менен позитивдүү жана конструктивдүү мамилелерди түзүүгө умтулабыз. Биз улуу державалардын же башка мамлекеттердин кагылыштарынын негизги аянты же кандайдыр бир согуштук аракеттердин бир бөлүгү болуп калбаш үчүн бардык мамлекеттер менен өз ара урматтоого негизделген позитивдүү мамилелерди түзгүбүз келет».

Өлкөсүн Азияда кызматташтык көпүрөсүнө айлантууну каалашкандарын билдирген Муттаки:«Биз мындан ары эч кимге Ооганстандын аймагын башкаларга зыян келтирүү үчүн пайдаланууга жол бербейбиз жана башкалардын биздин ички иштерибизге кийлигишүүсүнө жол бербейбиз. Биз башка мамлекеттердин мыйзамдуу таламдарын жана талаптарын урматтайбыз жана ошондой эле мамилени биз да алардан күтөбүз»,-деген баасын берди.

Мурдагы өкмөттөн 500 миң кызматкердин ишин улантып жатканын баса белгилеген министрдин орун басары Муттаки эч кимге терс көз караш менен мамиле кылбагандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар