ПКК/ЙПГ Раккада 50дөн ашуун жаранды барымтага алды

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, ЙПГ/ПККнын террористтери 8-январда Раккада жашоонун кымбаттыгына каршы нааразылык акциясы болгон Сувейдийе айылына куралдуу кол салышты.

1760974
ПКК/ЙПГ Раккада 50дөн ашуун жаранды барымтага алды

Сирияда жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК басып алган Ракка облусунда акыркы 2 күндөн бери жашоонун кымбаттыгына каршы чыккан 50дөн ашуун жарандын Сирияда террористтер тарабынан барымтага алынганы белгиленди.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, ЙПГ/ПККнын террористтери 8-январда Раккада жашоонун кымбаттыгына каршы нааразылык акциясы болгон Сувейдийе айылына куралдуу кол салышты.

Айылдын кире беришиндеги жол көзөмөлү делген жерлерге кошумча күч жөнөткөн ЙПГ/ПКК террористтери ок чыгарып курчоого алган айылга кирди.

Террорчулар 8-январдагы нааразылык акциясына катышкан 7 жаранды кармап кетти.

Террордук уюм кечээ Ракканын батышындагы Табка районунда жашоонун кымбаттыгына жана уюмдун коррупциясына каршы чыгууну каалаган 45 жаранды барымтага алган.

Ошентип ЙПГ/ПКК акыркы 2 күндө Табка району менен Сувейдийе айылында 50дөн ашуун жаранды кармап, белгисиз жакка алып кетти.

Өлкөнүн энергия булактарынын 70 пайыздан ашыгы ЙПГ/ПККга таандык болгону менен алар ээлеген аймактарда шекер, күйүүчү май жана нан кезектери пайда болууда. Райондун эли жакырчылыкта жашайт.

Бул абалга нааразы болгон эл тез-тез митингге чыгат, бирок ЙПГ/ПКК демонстранттарга ок чыгарат же барымтага алат.



Тектеш кабарлар