Германияда 1800 адамга мөөнөтү өтүп кеткен вакцина сайылды
Бул окуядан улам эки кызматкердин жумуштан алынганы да маалымдалды.
Германиянын Бавария провинциясынын Эберсберг аймагындагы эмдөө борборунда болжол менен 1800 кишиге Biontech вакцинасынын мөөнөтү өтүп кеткен дозалары берилди.
Эберсбергдеги вакцина борборун иштеткен Tresec фирмасынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, туура эмес этикеткалоодон улам эмдөө борборунда 4-6-январь аралыгында жарактуулук мөөнөтү 2021-жылдын 31-декабры болгон Biontech вакцинасынын колдонулганы белгиленди.
Билдирүүдө бул окуянын күнүмдүк сапатты текшерүү учурунда компания тарабынан байкалып, Эберсберг аймактык башкармалыгына кабарлагандыгы, ошондой эле тиешелүү жарандарга маалымат берилгендиги айтылды.
Вакцинанын ал адамдардын ден-соолугуна терс таасири күтүлбөгөндүгү, алардын вакцина борборунда бекер антитело өлчөөлөрүн жасап, керек болсо кайра эмдөөдөн өтө ала тургандары белгиленди.
Билдирүүдө бул окуядан улам эки кызматкердин жумуштан алынгандыгы да маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.