НАТО Украинаны колдой турганын кайталады

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Украинанын вице-премьер-министри Ольга Стефанишина менен бирге маалымат жыйын өткөрдү.

1760213
НАТО Украинаны колдой турганын кайталады

НАТО Украинага колдоо көрсөтүүнү улантарын жана ал өлкөгө НАТОнун стандарттарын аткарууга жардам берээрин жарыялады.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Украинанын вице-премьер-министри Ольга Стефанишина менен бирге маалымат жыйын өткөрдү.

Украинаны колдоону уланта тургандарын жана бул өлкөнүн НАТОнун стандарттарына жооп беришине жардам бере тургандарын белгилеген Столтенберг: «Биз Европадагы бир дагы өлкөнүн өз жолун тандап алуусун, анын ичинде ал кайсы коопсуздук тартибине кошуларын тандоодо компромисске барбайбыз. Украинанын качан  НАТОго мүчө боло турганына Украина жана НАТОнун 30 мүчөсү чечим чыгарат. Башка эч ким бул маселеде сөз айта албайт»,-деди.

Украинанын вице-премьер-министри Стефанишина да Орусиянын Украинага басып кирүүсү үчүн чек арага жетиштүү аскер жайгаштыраарын ар ким көрүшү керектигин белгилеп, мунун алдын алуу үчүн бардык нерсени жасоо керектигин айтты.

Стефанишина анын өлкөсү каалаган союзга кирүү укугуна ээ экенин баса белгилеп: «Евроатлантикалык интеграция Украинанын конституциясында жазылган жана элдин басымдуу көпчүлүгү тарабынан колдоого алынган. Бул сүйлөшүүлөрдүн темасы же көзүр катары колдонула турган нерсе эмес»,-деп айтты.

Ольга Стефанишина НАТОнун «ачык эшик саясатын» өзгөртпөй турганына ишенгендерин белгилеп, Украина сыяктуу НАТОго мүчө болууну каалаган өлкөлөрдүн абалынын ачыктылышын талап кылды.

Акыркы айларда орус армиясынын Украина чек арасында аскердик чыңдоосунан кийин НАТО менен Орусиянын ортосундагы чыңалуу күчөп, карым-катнаш кансыз согуштан кийинки эң төмөнкү деңгээлге түшкөн.



Тектеш кабарлар