Египет менен АКШ биргелешкен машыгуу өткөрүштү

Бир тараптан Египет менен Сауд Арабиянын куралдуу күчтөрүнүн да «Табук-5» аттуу биргелешкен аскердик машыгууну баштаганы кабарланды.

1759759
Египет менен АКШ биргелешкен машыгуу өткөрүштү

Египет менен Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Кызыл деңизде биргелешкен машыгуу өткөрүштү.

Египет армиясынын басма сөз катчысы полковник Гарип Абдулхафиз социалдык медиа баракчасына жазган билдирүүсүндө, машыгууга Египеттин деңиз флотунан «Александрия» фрегаты менен АКШнын деңиз күчтөрүнөн «USS Janson Dunham» жана «USS Cole» согуштук кемелеринин катышканын айтты.

Маалымат катчысы Абдулхафиз машыгуунун алкагында Кызыл деңизде аба жана деңизден келген коркунучтарга каршы деңиз жана навигациялык коопсуздуктун камсыздалышы, соода жүк ташуучу кемелердин корголушу сыяктуу кээ бир маневрлердин аткарылганын белгиледи.

Абдулхафиз машыгуунун «Египеттин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командирлигинин дос өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрү менен машыгуу деңгээлин жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу планынын» алкагында уюштурулганын билдирди.

Билдирүүдө машыгуу качан өткөнү жана анын мөөнөтү тууралуу так маалымат берилген жок.

Бир тараптан Египет менен Сауд Арабиянын куралдуу күчтөрүнүн да Сауд Арабиянын аймагында «Табук-5» аттуу биргелешкен аскердик машыгууну баштаганы кабарланды.

Египет армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта машыгууга эки өлкөнүн жеке аскердик бөлүктөрү катыша турганы белгиленди.

Машыгуунун мөөнөтү тууралуу маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар