Пакистанда калың кар жаап, адамдар тоңуп каза болууда...

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, калың кар 7-январдын кечинен бери борбор калаа Исламабаддан 70 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Мурри шаарында жана Галият аймагында таасирдүү болууда.

1759455
Пакистанда калың кар жаап, адамдар тоңуп каза болууда...

Пакистандын Мурри шаарында калың жааган кардан улам унааларынан чыга албай тоңуп каза болгондордун саны 23кө жетти.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, калың кар 7-январдын кечинен бери борбор калаа Исламабаддан 70 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Мурри шаарында жана Галият аймагында таасирдүү болууда.

Мурриде унаасына тыгылып калган 23 адам тоңуп каза болду.

Жооптуу кызматкерлер жааган кардан улам жүрө албай калган унааларын таштаган көптөгөн адамдардын мейманканаларга баш калкалоо үчүн жөө басып кеткендигин белгиледи.

Аймакта издөө-куткаруу иштери уланууда.



Тектеш кабарлар