Иран: «Өзөктүк сүйлөшүүлөрдө чыр-чатактар азаюуда»

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, Бакири Австриянын борбор шаары Венадагы өзөктүк сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирүү жасады.

1759493
Иран: «Өзөктүк сүйлөшүүлөрдө чыр-чатактар азаюуда»

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары жана башкы сүйлөшүүчү Али Бакири өзөктүк сүйлөшүүлөрдө чыр-чатактар ​​азайганын билдирди.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, Бакири Австриянын борбор шаары Венадагы өзөктүк сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирүү жасады.

Бакири, сүйлөшүүлөргө байланыштуу: «Сүйлөшүүлөрдө санкцияларды алып салуу боюнча талаш-тартыштар азайып баратат. Талаштуу маселелер боюнча ачык кашаалар азайып баратат. Сүйлөшүүлөрдө жылыш бар»,-деп айтты.

Өзөктүк келишимдин толук аткарылышы жана АКШнын келишимге кайтуусу талкууланган ядролук сүйлөшүүлөр Венада Орусия, Кытай, Германия, Франция, Англия жана Ирандын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Сүйлөшүүлөргө кыйыр түрдө катышып жаткан АКШ Ирандын келишимдеги милдеттенмелерине кайтып келишин кааласа, Тегеран өзөктүк келишимден чыккан тарап катары алгач Вашингтон келишимге кайтып келип, санкцияларды алып салышын каалайт.



Тектеш кабарлар