ЕБ Казакстандагы кризисти тынчтык жолу менен чечүү үчүн салым кошууга даярдыгын билдирди

Евробиримдиктин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Казакстандагы окуяларга байланыштуу ЕБ атынан билдирүү жасады.

1759474
ЕБ Казакстандагы кризисти тынчтык жолу менен чечүү үчүн салым кошууга даярдыгын билдирди

Европа Биримдиги (ЕБ) Казакстандагы окуяларга тынчсызданып жатканын жана өлкөгө чет элдик аскерий колдоо көрсөтүү Казакстандын эгемендигин урматтоосу керектигин билдирди.

Евробиримдиктин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Казакстандагы окуяларга байланыштуу ЕБ атынан билдирүү жасады.

Боррель Казакстандагы тынч демонстрациялардан кийин башталган зомбулуктан тынчсыздангандарын жана зомбулук аракеттерин айыптагандарын айтты.

Окуялардын башка максаттарда кыянаттык менен пайдаланылбашы керектигин белгилеп, сабырдуулукка чакырган Боррель: «Биз кризисти тынчтык жолу менен чечүү үчүн жардам көрсөтүүгө даярбыз. Чет элдик аскерий колдоо Казакстандын эгемендигин, көз карандысыздыгын жана жарандардын негизги укуктарын урматтоого тийиш»,-деп айтты.

Боррель ошондой эле казак бийлигин чогулуш эркиндиги, сөз эркиндиги жана басма сөз эркиндиги сыяктуу негизги укуктар боюнча милдеттенмелерин сактоого чакырды.

Казакстанда 2-январда суюлтулган газдын баасы жогорулап, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал курчуп кетти деген нааразылык акциялары башталган.

Демонстрациялар учурунда коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын ортосунда кагылышуу болду.

Өзгөчө өлкөнүн түштүгүндөгү Алматы шаарында полициянын унааларын өрттөп, өкмөттүк имараттарга кирген демонстранттарга күч органдары кийлигишти.

Нааразылык акциялары жайылып кеткендиктен, өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунан (ЖККУ) колдоо сурады.

Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуна мүчө Орусия, Беларусь, Кыргызстан, Тажикстан жана Армения жиберген 2500 аскер кагылышуулар күчөгөн Алматыда кызмат өтөй баштады.

Токаев 7-январда өлкөнүн бардык аймактарында конституциялык түзүлүш калыбына келтирилгенин белгилеп: «Террорчулар дагы эле курал колдонуп, жарандардын мүлкүнө зыян келтирүүнү улантууда», - деди.

Казакстандын коопсуздук күчтөрүнүн операциясы Алматыда кызуу уланууда.



Тектеш кабарлар