Пакистанда 16 адам унааларында тоңуп каза болду

Пакистандын Мурри шаарында калың кардын жаашы менен унааларында калган 16 адам тоңуп каза болду.

1759315
Пакистанда 16 адам унааларында тоңуп каза болду

Пакистандын Мурри шаарында калың кардын жаашы менен унааларында калган 16 адам тоңуп каза болду.

Жергиликтүү басма сөздөгү кабарларга караганда, борбор шаар Исламбадга 70 километр алыстыктагы Мурри шаарында жана Галият  аймагында кечээ кечки сааттардан тарта калың кар жаашы таасирдүү болду. Мурриде унааларында калган 16 адам тоңуп каза болду.

Ички иштер министри Шейх Рашид Ахмед жуманын акырында эс алуу үчүн аймакка көптөгөн унаа каттагандыктан жолдун кыймылынын токогондугун, абалды көзөмөлдөө үчүн иштердин жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.

Ахмед тоолуу аймактагы  шаарга кирүү жана чыгуулар эртең кечке чейин жабылгандыгын айтып, миңдеген адамдын көчөлөрдө калгандыгын жана бул кишилерди эвакуациялоо үчүн баштатылган издөө – куткаруу иштерине жарандык кызматкерлер менен аскерлердин да катышкандыгын маалымдады.

Туристтик аймакка шаар тышынан 125 000ден ашуун унаанын киргендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар