Энтони Блинкен Россия - Украина сүйлөшүүлөрү тууралуу билдирди

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Россия менен сүйлөшүүлөрдө Украина болбостон бул өлкө тууралуу сүйлөшпөй тургандарын айтты.

1759264
Энтони Блинкен Россия -  Украина сүйлөшүүлөрү тууралуу билдирди

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Россия менен сүйлөшүүлөрдө Украина болбостон бул өлкө тууралуу сүйлөшпөй тургандарын билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Блинкендин украиналык кесиптеши Дмитрий Кулеба менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди.

Прайс : «Министр Блинкен АКШнын Украинанын көз карандысыздыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн Россиянын агрессиясына каршы чечкиндүү колдоосун дагы бир жолу кайталады»,- деди.

Прайс эки министрдин АКШ жана союздаштарынын Россиянын Украинанын чек арасына аскер жайгаштыруусуна карата жоопторун жана орустар менен түзүлө турган дипломатиялык карым - катнаштарды талкуулашкандарын айтып : «Министр столдо Украина болбостон (Россия менен) Украинанын сүйлөшүлбөй тургандыгын баса белгиледи»,- деди.

Америкалык жана орус дипломаттар бул айдын акырына карай АКШ - Россия стратегиялык туруктуулук диалогунун жыйынында жолугушат.



Тектеш кабарлар