АКШнын президенти Байден : "Ковид - 19 туруктуу болуп калат деп ойлобоймун""

Байден колдорунда Ковид-19га каршы көптөгөн каражаттын бар экендигин баса белгилеп : «Айрым маселелер болсо да азыркы учурда 1 жыл мурункуга караганда башка бир жердебиз»,- деди.

1759370
АКШнын президенти Байден : "Ковид  - 19 туруктуу болуп калат деп ойлобоймун""

 АКШнын президенти Жо Байден Ковид  - 19дун туруктуу эмес экендигин бирок дүйнөгө жана айлана – чүйрөгө тийгизген таасиринин туруктуу экендигин айтты. Байден Колорадо штатына жасай турган сапары үчүн борбор шаар Вашингтондон кетер алдында журналисттерге маалымат берди. Бир журналисттин : «Ковид  -19 турктуу болуп калабы»,- деген суроосуна : «Ковид  - 19дун туруктуу болуп калбай тургандыгын ойлоп жатам. Бирок Ковид  - 19 жараткан чөйрө менен дүйнө туруктуу. Азыркы учурда күрөшүп жаткан Ковид туруктуу деп ойлобоймун»,- деди.

Байден колдорунда Ковид-19га каршы көптөгөн каражаттын бар экендигин баса белгилеп : «Айрым маселелер болсо да азыркы учурда 1 жыл мурункуга караганда башка бир жердебиз»,- деди.

Азыркы учурда өлкөдө тест кемчилиги менен күрөшүп жаткандарын айткан Байден : «Ушул кезге чейин айда 300 миллион тест кылдык, бул күндө 11 миллион демек. Буга кошумча катары 500 миллион тест комплектине буюртма бердик. Бул вирусту көзөмөлгө ала алабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар