Венгриянын полициясы иммигранттарды ташыган жүк ташуучу унааны ок атып токтотту
Жүк ташуучу унаанын айдоочусу жана 30 мыйзамсыз мигрант кармалды.
Венгрияда полиция иммигранттарды ташыган жүк ташуучу унааны ок атып токтотту.
Дьер-Сопрон полиция бекети тарабынан жасалган билдирүүдө, венгер полициясынын Венгрия-Австрия чек арасына жакын жерде шектүү жүк ташуучу жүк ташуучу унаага «токто» деп эскерткени, бирок жүк ташуучу унаанын айдоочусу унааны полицияга каршы айдап качууга аракет кылганы маалымдалды.
Жүк ташуучу унаага полиция тарабынан ок атылганы, бирок эч кимдин жараланбагандыгы кабарланган билдирүүдө, жүк ташуучу унаанын Австрияга өткөндөн бир нече жүз метрден кийин токтогону белгиленди.
Австрия полициясы жүк ташуучу унаанын айдоочусун жана 30 мыйзамсыз мигрантты кармады.
Тектеш кабарлар
Түндүк Корея Иранга делегация жиберди
Пхеньян делегациясынын расмий сапардын алкагында Иранга барганы белгиленди.