Сомалиде аскердик конвойго кол салуу болду

Кол салууда 2 аскер каза болуп, 9 аскер жараланды.

1759085
Сомалиде аскердик конвойго кол салуу болду

Сомалиде аскердик конвойду бутага алган бомбалуу кол салууда 2 аскер каза болуп, 9 аскер жараланды.

Аскердик жетекчи  Галмудуг провинциясынын Галгудууд аймагында жолго коюлган минанын конвой өтүп баратканда жарылганын билдирди.

Жергиликтүү булактар ​​Данаб десанттык конвоюнда 2 аскердин каза болгонун, жаралуу 9 аскердин Дусамареб ооруканасына жеткирилгенин кабарлады.

Кол салуунун жоопкерчилигин Еш  - Шебаб террордук уюму алды.

Бир тараптан Сомали улуттук телекөрсөтүүсү ошол эле аймактын Бахдо шаарында Еш  -  Шебаб кол салуусунун жергиликтүү күчтөр тарабынан жеңилүүгө учуратылгандыгын белгиледи.

Армия Орто Шабелдеги бир операцияда уюмдун 5 террористтинин жок кылынгандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар