Францияда Google менен Facebookка айып салынды

Googleга 150 миллион евро, Фейсбукка 60 миллион евро айып салынганы маалымдалды.

1758387
Францияда Google менен Facebookка айып салынды

Францияда веб-сайттардагы кукилерди оңой эле четке какпаганы үчүн Google 150 миллион евро, ал эми Facebook 60 миллион евролук айыпка жыгылды.

Франциянын Улуттук Информатика жана Эркиндиктер комиссиясынын (CNIL) билдирүүсүндө, кукилердин Google, Facebook жана Youtube сайттарында оңой кабыл алынганы, бирок баш тартуунун кыйын экени белгиленди.

Бул сайттардагы бардык кукилерди четке кагуу үчүн көптөгөн басуулардын талап кылынганы айтылган билдирүүдө, Googleга 150 миллион евро, Фейсбукка 60 миллион евро айып салынганы маалымдалды.

Бул платформаларга көйгөйдү чечүү үчүн 3 ай убакыт берилип, кечиктирилген ар бир күн үчүн 100 миң евро айып пул салынаары айтылды.

Google тарабынан жасалган билдирүүдө, CNILдин чечиминен кийин керектүү чаралар көрүлө турганы жана бул темада CNIL менен иштеше турганы белгиленди.

Фейсбук тараткан билдирүүдө CNILдин чечими текшерилип, тиешелүү органдар менен иш жүргүзүлөөрү кабарланды.



Тектеш кабарлар