Филиппинде 18 жашка чейинкилердин үй - бүлө куруусуна тыюу салынды

Филиппин жашы жете электе эң көп никеге туруу  болгон 12 -  өлкө катары белгилүү.

1758477
Филиппинде  18 жашка чейинкилердин үй  - бүлө куруусуна тыюу салынды

Филиппинде жашы жете электердин  никеге туруусуна тыюу салынды.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда мамлекет башчысы Родриго Дутерненин кол коюсу менен күчүнө кирген жаңы мыйзамга ылайык, өлкөдө 18 жашка чыга элек балдардын никеге туруусуна тыюу салынат.

Филиппин мамлекетинин бала жаштагылар менен  никеге туруунун балдардын өздүк кадыр - баркына доо кетиргени үчүн кыянаттык катары кабыл алганы баса белгиленген жободо, 18 жаштан кичүүлөр менен үйлөнгөн же алар менен чогуу жашагандардын жогорку жазага тартылаары белгиленди. 12 жылга эркинен ажыратуу жана 40.000 Филиппин песосуна чейин айып пул салынары белгиленди.

Бир тараптан өлкөдө жашы жете электе никеге туруу көп болгон айрым жергиликтүү коомдорго 1 жылдык өткөөл мөөнөтү берилди.

Филиппин жашы жете электе эң көп никеге туруу  болгон 12 -  өлкө катары белгилүү.



Тектеш кабарлар