Израиль өткөн жылы 319 палестиналыкты набыт кылды

Израилдик адам укуктары уюму Бецелем (Б'Целем/B'Tselem) 2021-жылы 71и балдар болгон 319 палестиналыктын каза болгонун жана 295 үй кыйраганын жарыялады.

1757307
Израиль өткөн жылы 319 палестиналыкты набыт кылды

Израилдин өткөн жылы 319 палестиналыкты набыт кылганы маалымдалды.

Израилдик адам укуктары уюму Бецелем (Б'Целем/B'Tselem) 2021-жылы 71и балдар болгон 319 палестиналыктын каза болгонун жана 295 үй кыйраганын жарыялады.

Б'Целемден берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда 2021-жыл Израиль Газага кол салган 2014-жылдан бери палестиналыктар үчүн эң кандуу жыл катары катталды.

2021-жылы 319 палестиналык, анын ичинде 71 бала Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн жана мыйзамсыз жөөт отурукташкандардын кол салууларынан каза болгон.

Батыш Шериада Экинчи Интифада болгон 2002-жылдан бери эң кандуу күн катары катталган 2021-жылдын 14-майында 3ү израилдик мыйзамсыз отурукташкандар же аны коштогон Израиль аскерлери тарабынан 13 палестиналыктын набыт кылынгандыгы ортого салынды.

Ошондой эле билдирүүдө өткөн жылы Чыгыш Кудс жана Батыш Шериада палестиналыктардын 295 үйүнүн кыйратылганы, 463ү бала болгон 895 палестиналыктын үй-жайсыз калганы да белгиленди.

Б'Целем 2020-жылы 251 деп катталган жөөт отурукташкандардын палестиналыктарга кол салууларынын 336га жеткенин белгиледи.



Тектеш кабарлар