ЕБ жана НАТОнун ортосунда Орусия темасы сүйлөшүлдү

Боррелдин кеңсесинин билдирүүсүнө караганда, телефондогу сүйлөшүүдө Орусиянын Украина чек арасындагы аскердик чептерине жана Москванын АКШ менен НАТОго берген коопсуздук кепилдиктерине байланыштуу эки келишим талкууланды.

1757259
ЕБ жана НАТОнун ортосунда Орусия темасы сүйлөшүлдү

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Украинага сапарынын алдында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Боррелдин кеңсесинин билдирүүсүнө караганда, телефондогу сүйлөшүүдө Орусиянын Украина чек арасындагы аскердик чептерине жана Москванын АКШ менен НАТОго берген коопсуздук кепилдиктерине байланыштуу эки келишим талкууланды.

Украинанын аймактык бүтүндүгү жана эгемендигине колдоо ырасталган жыйында Боррель менен Столтенберг 12-январда боло турган НАТО-Орусия Кеңешинин жыйынына даярдыктар тууралуу да сүйлөштү.

Боррель Европанын коопсуздугу боюнча ар кандай талкуу Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) алкагындагы милдеттенмелерди жана кепилдиктерди бекемдей тургандай жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.

Батыш менен Москванын ортосундагы тирешүү акыркы айларда Орусиянын Украина чек арасындагы аскердик чептеринен кийин күчөдү.

Бир тараптан Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен Англиянын тышкы иштер министри Элизабет Трасс да телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүп, Орусиянын Украинага кол салуусуна бөгөт коюу үчүн жаңы санкцияларды талкуулашты.

Украинанын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, эки министр Орусиянын Украинага каршы агрессиясы жана алдыдагы апталарда боло турган НАТО, ЕККУ жана ЕБ форматындагы дипломатиялык сүйлөшүүлөр боюнча өз позицияларын макулдашты.

Трасс Украинага болгон колдоосун дагы бир жолу кайталады жана «Украина боюнча Украинасыз эч кандай чечим чыгарылбайт» деген принципке берилгендигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар