Кытайда жер көчкү: 14 адам каза болду
Окуяда 17 адамдын топурактын астында калганы айтылды.
1756845
Кытайдын түштүк-батышында курулуш аянтында болгон жер көчкүдөн 14 адам каза тапты.
Кытайдын глобалдык телекөрсөтүү тармагынын (CGTN) кабарына караганда, жетекчилер Гуйкоу провинциясынын Бичие шаарында курулуш аянтында жер көчкү жүргөнүн билдиришти.
Окуяда 17 адамдын топурактын астында калганы айтылды.
Топурактын астында калган 3 адам куткарылып, 14 адамдын каза болгону кабарланды.
Тектеш кабарлар
"Вампир" өлүмчүл бактериялары
Өлүмчүл бактериялардын адамдын каны менен азыктанат деген тыянак чыгарылды.